News

          • Graduation 2023/ 2023-жыл бүтүрүү кечеси

            Урматтуу 2023 бүтүрүүчү класстардын ата-энелери! Сиздерди сыймыктуу бүтүрүүчүлөрүбүздүн бүтүрүү кечесинде чыдамсыздык менен күтөбүз! 

             

            Ал эми бүтүрүүчүлөрүбүзгө Сема лицейинин жалпы жамаатынын тилектерин Б. Сарногоев атабыздын саптарынан билдиребиз! 

            Чоку болот тоолордун бийик жери,

            Чокудай бол кыргыздын жигиттери.

            Чок кармаган кол менен баатыр бол деп,

            Чоң атабыз өстүргөн сени, мени.

          • AKMO 2023

            Кыргыз Республикасынын жалпы орто билим берүү мектептериндеги 6-класстын окуучуларынын арасында өткөрүлүүчү республикалык математикалык олимпиадасы (АКМО-2023)

            Сынак борборлору: Экзаменационные центры:

             

            Ош: Ош, Өзгөн шаарлары, Алай, Чоң-Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Өзгөн райондору; Сынактын датасы: 15:00, 25-февраль 2023 Telegram группа

            Бишкек: Бишкек шаары, 1-Май, Ленин, Октябрь, Аламүдүн, Свердлов райондору; Сынактын датасы: 15:00, 21-февраль 2023 Telegram группа

            Токмок: Токмок шаары, Чүй, Ысык-Ата, Кемин райондору; Сынактын датасы: 15:00, 21-февраль 2023 Telegram группа

            Кара-Балта: Кара-Балта шаары, Жайыл, Сокулук, Панфилов, Москва райондору; Сынактын датасы: 15:00, 21-февраль 2023 Telegram группа

            Талас: Талас шаарыБ Бакай-АтаБ Кара-Буура, Манас, Талас райондору; Сынактын датасы: 15:00, 22-февраль 2023 Telegram группа

            Каракол: Балыкчы, Чолпон-Ата шаарлары, Ак-Суу, Жети-Өгүз, Каракол, Тоң, Ак-Суу, Ысык-Көл, Түп райондору; Сынактын датасы: 15:00, 22-февраль 2023 Telegram группа

            Нарын:  Нарын шаары, Ак-Талаа, Ат-Башы, Жумгал, Кочкор, Тогуз-Торо, Нарын райондору; Сынактын датасы: 15:00, 22-февраль 2023 Telegram группа

            Жалал-Абад: Жалал-Абад, Көкжаңгак, Майлы-Суу, Кочкор-Ата, Токтогул, Кара-Көл, Таш-Көмүр шаарлары, Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Чаткал, Токтогул, Шамалды-Сай райондору; Сынактын датасы: 15:00, 27-февраль 2023 Telegram группа

            Кызыл-Кыя: Кызыл-Кыя шаары, Ноокат району, Кадамжай райондору; Сынактын датасы: 11:00, 24-февраль 2023 Telegram группа

            Кадамжай: Баткен, Сүлүктү шаарлары, Бактен, Лейлек, Кадамжай райондору; Сынактын датасы: 15:00, 24-февраль 2023 Telegram группа

             

        • ОНЛАЙН КАТТОО
          • ОНЛАЙН КАТТОО

            Сапаттуу билим -жаркын келечек

            Урматтуу ата-энелер жана окуучулар! 2020-2021- жаңы окуу жылына карата Ош "Сема" Кембридж мектеби жана Курманжан Датка атындагы Ош лицейи 6-классты аяктап жаткан окуучулар үчүн онлайн каттоону баштады.Катталуу үчүн төмөндөгү шилтемеге кириңиз жана өзүңүз жөнүндө маалыматтарды толтуруңуз.Сынактардын өткөрүлүү мөөнөтүн жана дарегин кошумча кабарлайбыз. Сынактарга катталган окуучулар гана катыша алат.

        • ONLINE LESSONS
          • ONLINE LESSONS

            Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар!

            30-март, дүйшөмбү күндөн баштап онлайн сабактарыбыз өтүлө баштайт.

            Онлайн сабактар edupage тиркемеси жана www.sema.edupage.org сайты аркылуу өтүлөт.

            Сиздер өзүңүздөрдүн логин (login) жана сыр сөзүңүздөрдү (password) жазып киргенден соң "сообщения" бөлүмүнөн сабактардын убакыттарын көрө аласыздар.

            Онлайн сабак үчүн сизге интернет, телефон📱/планшет/ПК🖥/ноутбук💻, китеп/дептер📚/калем жана edupage керектелет.

            Урматтуу ата-энелер, сиздерден онлайн сабактар үчүн уулуңузга керектүү шарттарды түзүп берүүңүздү суранабыз.

            Онлайн сабактарда жоктомо алынат.Эгер онлайн сабакка окуучу катышпаса (белгисиз себептер менен) сабакта жок деп эсептелет.

            Баалар сабактын аягына тапшырма аткаргандыгыныздын көрсөткүчүнө жана жоопторго карата коюлат.

            Сабак үчүн бизге эч нерсе тоскоол боло албайт. Жалпыңыздарга ийгилик каалайбыз.

        • АКМО 2020
          • АКМО 2020

            Олимпиада 5 - 6 - класстын математика сабагы боюнча окуу программаларынын негизинде өткөрүлүп, 3 баскычтан турат.АКМО нун: I-баскычы, райондук - 2020-жылдын 29-февралында; II-баскыч, областтык - 2020-жылдын 28-мартында жана III Республикалык жыйынтыктоочу баскыч 2020-жылдын 2-майында болот.⠀Олимпиада жөнүндө маалыматтарды мектептин администрациясынан жана төмөнкү байланыш телефондорунан билсениз болот:⠀0755515150 0777515150 0707889989

            Олимпиада проводится в три этапа по материалам образовательных программ 5-6 классов.⠀АКМО: I-этап, районный – 29 февраля 2020 года; II-этап, областной – 28 марта 2020 года; III-этап, Республиканский - пройдёт 2-мая 2020 года.⠀Информацию по проведению олимпиады можно узнать у администрации школы или в лицеях МОУ “Сапат” по нижеследующим номерам:⠀0755515150 0777515150 0707889989

        • XV Эл аралык Жаутыков олимпиадасы
          • XV Эл аралык Жаутыков олимпиадасы

            XV Эл аралык Жаутыков олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн ийгиликтери менен "Сапат" билим берүү мекемеси куттуктап, белектерин тапшырды. Ош "Сема" лицейинин 11-А классынын окуучулары Амирбек Абдырасуловду олимпиадада күмүш медалдын ээси болушу менен жана 11-Ж классынын окуучусу Бакиров Мирбекти бронза медалдын ээси болушу менен Куттуктайбыз!

             

        • Баскетбол турнири
          • Баскетбол турнири

            Лицейбизде 9-класстардын арасында баскетбол🏀 мелдеши старт алды.Командалар мугалим жана тарбиячылардан куралып, окуучулар класс болуп бөлүнбөй чүчү кулак аркылуу түзүлдү. Мелдештин максаты класстар арасында достук мамилени чыңдоо жана спорт менен достошуу.

        • Китеп окуу конкурсу
          • Китеп окуу конкурсу

            Китеп окуу конкурсубуздун кезектеги айында окуучуларыбыз окуган китептеринен сынак тапшырышты. Бул ирет окуучулар англис тилиндеги китептерди окушту.7-класстарыбыз кыска чыгармаларды,8-класстарыбыз "Gulliver's travels",9-класстарыбыз "The adventures of Sherlock Holmes", ал эми10-11-класстарыбыз "Animal farm" китептерин окушту.

            Эскерте кетсек бул конкурс ай сайын болуп өтөт жана окуучулар ар айда белгиленген китептерди окуусу шарт.

            🎁 сынактын жыйынтыктары жума күнү жарыяланат жана жеңүүчүлөргө белектер тапшырылат.

        • User accounts
          • User accounts

            For some parts of timetable or substitution, you may need to login. If you lost your password, please use the link “I do not know the login name or password” and type in your email. If you haven’t received the password yet, please wait, the school will provide you with one when everything is the ready to go.