• ONLINE LESSONS
          • ONLINE LESSONS

            Саламатсыңарбы урматтуу окуучулар!

            30-март, дүйшөмбү күндөн баштап онлайн сабактарыбыз өтүлө баштайт.

            Онлайн сабактар edupage тиркемеси жана www.sema.edupage.org сайты аркылуу өтүлөт.

            Сиздер өзүңүздөрдүн логин (login) жана сыр сөзүңүздөрдү (password) жазып киргенден соң "сообщения" бөлүмүнөн сабактардын убакыттарын көрө аласыздар.

            Онлайн сабак үчүн сизге интернет, телефон📱/планшет/ПК🖥/ноутбук💻, китеп/дептер📚/калем жана edupage керектелет.

            Урматтуу ата-энелер, сиздерден онлайн сабактар үчүн уулуңузга керектүү шарттарды түзүп берүүңүздү суранабыз.

            Онлайн сабактарда жоктомо алынат.Эгер онлайн сабакка окуучу катышпаса (белгисиз себептер менен) сабакта жок деп эсептелет.

            Баалар сабактын аягына тапшырма аткаргандыгыныздын көрсөткүчүнө жана жоопторго карата коюлат.

            Сабак үчүн бизге эч нерсе тоскоол боло албайт. Жалпыңыздарга ийгилик каалайбыз.